Дарыкана ачуу үчүн кандай документтер керек? Адистин жообу
Дарыкана ачуу үчүн эмне кылыш керек жана кандай документтер керектелет?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу окурман, Кыргыз Республикасынын “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндөгү мыйзамы” Бишкек шаарында, 2017-жылдын 2-августунда, №165-саны менен кабыл алынган.
Бул мыйзамдын 23-беренесинде фармацевтикалык иш менен алектенүү укугу жазылган. Анда, “Жеке жана юридикалык жактар лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык алынган лицензиясы бар болгондо фармацевтикалык иш менен алектенүүгө укуктуу” деп көрсөтүлгөн.
Ошондой эле ушул беренеде “Тийиштүү материалдык-техникалык базасы бар болушун, персоналдын квалификациясын жана санын кошуп алганда, фармацевтикалык иштин уюмуна карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет” жана “Фармацевтикалык ишти лицензия албастан жүзөгө ашырууга тыюу салынат” деп көрсөтүлгөн.
Демек, сиз дарыкана ачуу үчүн лицензия алууңуз керек. Шилтеме аркылуу http://lisenzya.med.kg/index.php/ru/ лицензия алуу үчүн кандай документтер керектигин жана лицензия алуучуга коюлучу талаптар жөнүндө кенен маалымат ала аласыз.
Ийгилик!