Ата - энеме сырларымды айткым келбейт. Бул туурабы? Психолог жооп берет
Ар бир өспүрүмдүн өзүнүн сырлары, жеке жашоосу жана достору болот. Мен телефонума пароль коюп койгом. Себеби ата-энемдин ким менен эмне жөнүндо сүйлөшүп жатканымды билишин каалабайм. Жаман жолго деле барбайм, жаман адаттарым деле жок. Алар мени менен эч качан ачык сүйлөшүп, сырдаш же дос болушкан эмес. Чоңойгон сайын мен да сырларымды бөлүшкүм келбей калды.
Ата-эне канткенде баласы менен ачык сүйлөшүп, жакын дос боло алат? Келечекте балдарым менден сырларын жашыруусун каалайбайм. Кантип туура тарбия берсе болот?
Карлыгаш Акимкулова, “Психоанализ.кг” психотерапия борбору
Урматтуу жаш окурман!
Башкаларга өзүңдүн телефонуңа кирүүгө уруксат бербегениң туура. Ар бир адамдын жеке жашоосу бар, жеке буюмдары бар. Ата-энең эч убакта сага дос же курбу болбойт. Алардын сенин жашоондогу орду башка. Сен курбуларың менен бөлүшкөн сырларыңды же тамашаларыңды апаңа келип айтып бере албайсың. Бул нормалдуу көрүнүш.
Ошондо, ортодо түшүнбөстүктөр жана таарынычтар болбош үчүн ата-эне менен кандайча сүйлөшүү керек? Алар менен күндө маектешүү зарыл. Жок дегенде 20 мүнөт. “Эмне жөнүндө сүйлөшөбүз?”, - дешиңер мүмкүн. Экөөңөрдүн мамилеңерге тиешеси жок темалар толтура. Аба ырайы, мугалимдер, саясат, тарых тууралуу. Тарых демекчи, ата-энеңдин бала чагы, жаштык кези жөнүндө сурасаң болот. Мода кандай эле, кандай кызыктуу окуяларга туш болду эле, деп сураганыңарда ата-энеңер ал күндөрүн жылмаюуу менен эскерет болуш керек.
Албетте, ата-энелер акыл үйрөтүп, насаат айтпай койбойт. Ансыз болбойт да туурабы? Бирок, акырындык менен бири-бириңерди жакындан таанып, мүнөзүңөрдүн кызыктуу жактары ачыла баштайт. Ортодо ишеним жаралат. Ата-эне менен баланын ортосундагы түшүнүшүү жана бири-бирине колдоо көрсөтүүсү бул абдан чоң жетишкендик. Келечекте балдарыңар менен да ушул эле эрежени колдонуп ишенимдүү мамиле курууга аракет кылыңыз.