// //

Соттун ар кандай шылтоолоруна тойдум. Кимге кайрылам? Юристтен жооп

2018.11.16, 09:53
990

2008-жылы уулум төрөлгөндө жолдошум менен ажырашкам. 2009-жылы сотко кайрылсам, алимент төлөөгө милдеттендирген. Бирок ушул күнгө чейин төлөгөн жок.

Мен Ош шаарында турам, ал Кара Суу районунда. Сот аткаруучулар азыркыга чейин ар кандай шылтоолорду айтып келет.

Алиментти төлөбөгөнүнөн 2013-жылы сотко кайрылсам, бир жылга шарттуу түрдө соттолгон. Аны деле тоготкон жок.

Соттун ар кандай шылтоолоруна тойдум. Кайда кайрылып, эмне кылам? Кеңеш бериңизчи.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.11.2018, 10:00

Нурислам Раимжанов

Юрист

Урматтуу айым, кайгырбаңыз, биз сизге жардам берүүгө аракет кылабыз. Азыр өз баласын багуудан качкан аталар көп. 

Алимент төлөбөгөн аталарга карата колдонулуучу мыйзамдар жакшы жыйынтык бербей жатат. Сиздин окуяңыз буга айкын бир мисал.

Билесизби, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын туура колдонуп, иштегиси келбеген мамлекеттик жумушчуларды ишке салууга болот.

Кеңешим, сот аткаруучулардын буга чейин кылган бардык иш материалдарынын көчүрмөсүн алыңыз. Сиз материалдардын көчүрмөсүн алганга жана телефонуңузга тартып алууга укуктуусуз. Эгер материалдарды алуу кыйынчылык жаратса Ош областтык департаментине жазуу түрүндө арыз менен кайрыласыз.

Андан соң редакция аркылуу мени менен байланышсаңыз, мен сот аткаруучулардын кылган иштерин текшерип, сизге жардам берем. Ийгилик! 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт