Кайын энем кызымды бербей жатат
Жолдошум экөөбүз жарандык нике менен баш кошконбуз. Кайын энем начар чыгып, бизди ажыраштырып салды.
Ортодогу кызыбыз менин атымда, бирок мага кызымды бербей жатышат. Менин колум коюлмайын алар туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала алышпайбы?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу айым, КРнын Үй-бүлө кодексинде “Ата-эне балдарына тең укуктуу” деп көрсөтүлгөн. Энелик укуктан ажыратылган болбосоңуз кызыңызды көрө аласыз.
Кыздын сиздин фамилияңызда экенин тастыктоочу кагазды жана паспортуңузду алып, жолдошуңуз жашаган аймактагы социалдык коргоо органынын балдарды коргоо бөлүмүнө арыз менен кайрыласыз.
Алар жолдошуңуз жана кайын энеңизге эскертүү берет. Каршы чыгышса сотко кайрылып кызыңызды алсаңыз болот. Сиздин макулдугуңуз жок, башка документ ала алышпайт.