// //

Атам бизди таштап кетти. Апама кантип колдоо көрсөтөм?

2018.11.13, 14:13
1593

Мен 19 жаштамын. Үй бүлөдө үчөөбүз, баарыбыз кыздар. Мен кичүүсүмүн. Эжелерим турмушка чыккан. Жакында эле атам менен апам ажырашып кетишти. Атам апамды уул төрөбөйсүң деп кетип калды. Апам аябай кайгырып жатат. Мен шаарда окуйм, студентмин. Апам "кетпей эле койчу, жанымда болчу", - деп суранат. Айыл менен шаардын ортосунда жүрөм. Же апамды кыя албай, же окуумду кыя албай. Универди таштагым келбейт. Апамды да жалгыз калтыра албайм. Эмне кылыш керек? Кыйналып кеттим.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.11.2018, 14:16

Карлыгаш Акимкулова, "Психоанализ.кг" психотерапия борборунун психотерапевти.

Урматтуу окурман, сиздин кыйналып турганыңызды жакшы түшүнүп турам. Үй бүлөңүз бузулуп, жаш болсоңуз да сиздин моюнуңузга чоң кишиникиндей жоопкерчилик жүктөлдү. Апаңыз кайгысын жалгыз жеңе албай турган чак, ал колдоого муктаж. Сиз үчүн бул чоң жүк. Бул кырдаалда өзүңүздү чечкиндүү жана жоопкерчиликтүү киши катары алып жүргөнүңүз мактоого татыктуу.

Биринчиден, болгон окуяда ким күнөлүү деп издештин зарылчылыгы жок. Уул төрөбөй койгон үчүн кетип калды деп жатасыз, бирок, бул негизги себеп болбосо керек. Алардын ортосундагы жылуу мамиле, ортодогу түшүнүшүү жок болуп калган окшойт. Бул жерде эч кимиси күнөлүү эмес. Кээде адамдар табышат, кээде ажырашат. Бул атаңыздын чечими, демек апаңыз бул чечимди кабыл алып андан ары өз жашоосун уланта бериши зарыл.

Экинчиден, сиз өз алдынча апаңызга жардам бере албайсыз. Апаңыз жакындарынын, туугандарынын, курбуларынын колдоосуна муктаж. Бирөө жарым менен сүйлөшүп, кеңешип, ыйлап, бугун чыгарып алса жакшы болмок. Ал эми сиз али баласыз. Сиз ата-энеңиздин мамилесине кийлигише албайсыз. Психолог же психотерапевтке кайрылыңыз деп кеңеш берип көрүңүз.

Апаңыз азыр алынан тайып турган чагы. Бул чоң стресстен улам болуп жатат. Туугандарыңыздан жана эжелериңизден жардам сураңыз. Бирөөдөн жардам сураган уят эмес. Сиздин жол таап кетээриңизге ишенем. Бирок, окууңузду таштабаңыз. Сиз көздөгөн максатыңызга жетип, ийгилик жаратканыңыз апаңызга күч-кубат берет. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт