ЖРТдан канча упай алсам филология факультетине өтөм?
Саламатсызбы. Мен 14 жаштамын. Окууну бүткөндө филология факультетине тапшырсамбы деп жатам. Бирок, ал окуу жай жөнүндө таптакыр маалыматым жок. Канча жыл окутат? Контракт канча? Кайсы сабактарды жакшы окушум керек? ЖРТдан канча бал алсам окууга өтөм? Толук маалымат алып бериңизчи? Рахмат.
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин филология факультетинин Кыргыз Адабият кафедра башчысы Сүйүнбек Дүйшембиев.
Урматтуу окуучу, Мамлекеттик тил жана маданият институтунда күндүзгү окуу 4 жыл, сырттан окуу 5 жылга созулат. Контрактын акысы 26000-28000 сом. Бирок, жыл сайын өзгөрүп турат. Дареги, Бишкек шаары 10 кичи район, Камский көчөсү 10. Кыргыз тил жана адабият сабагын мыкты билүү зарыл. ЖРТга эмитеден жакшы даярдык көрүп баштаңыз. Контрактка окуу үчүн 110 бал жетиштүү, 160 баллдан жогору алсаңыз бюджетке өтүүгө мүмкүнчүлүк аласыз. Сизге ийгилик каалайм!