Шашылыңыздар! Президенттик стипендия конкурсу соңуна чыгып калды
Мамлекеттик жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн Президенттик стипендияны ыйгаруу боюнча конкурска документтерди кабыл алуу жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү маселелери боюнча комиссия 2017-2018-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча окуу, илимий-чыгармачылык жана коомдук-маанилүү иште өзгөчө айырмаланган мамлекеттик жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн Президенттик стипендия ыйгаруу боюнча конкурска документтерди кабыл алуу жөнүндө жарыялайт.
Конкурска мамлекеттик жогорку окуу жайларынын күндүзгү окуу бөлүмүнүн жакшы окуган бакалавриат программасы боюнча 3-курстун, ал эми 5 жылдык жана андан ашык программа боюнча 4-курстун студенттери, конференциялардын катышуучулары, конкурстардын жана олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, изилдөө ишин активдүү жүргүзгөн студенттер катыша алат.
Бирдей шарттар болуп калган учурда Президенттик стипендияларды ыйгарууда артыкчылык жетим балдарга, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга, бала кезинен майыптарга берилет.
Документтердин пакети төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- ЖОЖдун ректорунун коштомо каты;
- Ар бир факультеттин өңүтүндө күндүзгү окуу бөлүмүнүн студенттеринин саны жөнүндө маалымат;
- Өзү тууралуу эссе;
- Талапкердин резюмеси;
- Талапкердин окуудагы, илимий жана коомдук иштердеги жетишкендиктерин, өзгөчө айырмалангандыгын ырастоочу башка документтер;
- ЖОЖдун илимий кеңешинин чечими.
Документтер ушул жылдын 30-июнуна чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Чүй проспекти, 205, 636-кабинет, конвертке "Конкурс" деген белги коюу керек.