Күйөөмдү сотко бергим келет
Саламатсызбы! Менде бир суроо бар. Күйөөмдү моралдык зыян келтиргендиги үчүн сотко берсем болобу? Урбайт, бирок дайыма сөздөрү менен ыйлатып, калтырап-титиреп калган абалга чейин жеткирет. Ажырашалы десем макул болбойт.
Нурислам Раимжанов
Юрист
Ооба, берсеңиз болот. Кыргыз Республикасынын жарандык кодексинин 16-беренесинде:
«Эгерде жаранга анын жеке мүлктүк эмес укуктарын бузуучу же болбосо жаранга таандык болгон материалдык эмес байлыктарга зыян келтирүүчү же болбосо жеке мүлктүк эмес укуктарын бузуучу аракеттер менен моралдык зыян (денесине зыян келтирүү же көңүлүн оорутуу) келтирилсе, ошондой эле мыйзамда каралган башка учурларда, сот укук бузуучуга аталган зыяндын ордун акчалай компенсациялоо милдетин жүктөй алат.
Моралдык зыянды компенсациялоонун өлчөмүн аныктоо учурунда сот укук бузуучунун күнөөсүнүн даражасын жана башка көңүлгө ала турган жагдайларды эске алат. Ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралган учурларда юридикалык жакка моралдык зыян компенсацияланышы мүмкүн» деп көрсөтүлгөн.
Көп ойлонбостон сотко арыз жазыңыз. Ден-соолук биринчи байлык экенин унутпаңыз!