Оорум балама жугат деп корком
2018.11.09, 14:34
837
Саламатсызбы! Мен 18демин. Гепатит В менен ооруйм. Келечекте турмушка чыгып кош бойлуу болсом, балама жугуп калуу коркунучу барбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.11.2018, 14:43
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Кымбаттуум, гепатит В кош бойлуулар үчүн өтө коркунучтуу, курсактагы балага берилиши мүмкүн.
Аял боюна бүтө электе анализ тапшырып, текшерилип, каны таза болсо профилактикалык эмдөө алып, анан балалуу болууга кам көрүшү керек. Эгерде канында гепатит бар болсо же жаңы эле сакайса, анда гепатологдон, гинекологдон консультация алып, алардын көзөмөлү менен кош бойлуулукту пландаштыруу зарыл.
Ден-соолукта болуңуз!
0
Пайдалуу жооп