Стилист-имиджмейкердин келечеги барбы?
Быйыл 11-классты аяктайм. Келечекте стилист-имиджмейкер болом деп максат койдум. ЖРТ тапшырамбы? Кайсыл сабактан тест тапшырып, каякка барып окусам болот? Кыргызстанда бул кесиптин келечеги барбы?
Замира Молдошева
Стилист-дизайнер
Окурман, бизде атайын стилист-имиджмейкерлерди даярдап чыгаруучу факультет жок. Мисалы, менин негизги дипломум "стилист-сүрөтчү". Кийин дизайнердин, чач-тарачтын окуусун окуп, кийи н кесипкөйлүктү жогорулатуу максатында имиджмейкердин курсун бүтүрдүм.
Бул кесиптин келечеги бар, максатыңызды орундатууга аракет кыла бериңиз. Азыркы учурда мыкты стилист-имиджмейкерлерге суроо-талап жогору.
Ал эми курстарга окуу үчүн ЖРТ тапшыруунун кереги жок. Бирок, бул жерде да бардык чөйрөдөгүдөй эле мээнет, талыкпас эмгек, изденүү талап кылынат. Бардыгы акырындык менен болот. Сизге ийгилик каалайм!
Назира Садыкова
Дизайнер-конструктор
Салам! Стилист-имиджмейкерлерди атайын чоң окуу жайларда окутпайт. Дизайнерликти тандасаң болот. Ал үчүн ЖРТ тапшырып, сүрөт тартуу боюнча экзамен бересиң. Айтылуу адистик КМКТАУ жана Политех университеттеринде бар.
Убакытты текке кетиргиң келбесе курстарга бар. Ийгилик каалайм!