// //

Сепкилден арылабыз

2018.06.21, 16:43
5041

Күн нуру, шамал, чаң - назик бет териңизге терс зыянын тийгизип, сепкилдин чыгышына шарт түзөт. Сепкилден арылууга болобу? Жоопту косметолог, дерматолог Мээрим Давлетовадан билип көрдүк.

Сепкил - тегерек же сүйрү формадагы ачык сары, кочкул күрөң түстөгү пигменттүү так. Адамдын бетинде, колунун сыртында, ийининде, кээде далысында жана көкүрөгүндө симметриялуу болуп жайгашат.

Сепикилдин пайда болуу себептери:

  • Тукум куучулук жана күн нуру: Сепкил тукум кууйт. Ошондой эле жаз мезгилинен кеч күзгө чейин күн нурунан коргонбосоңуз пайда болот. Адатта жаз-жай мезгилинде көбөйүп, кышында көп байкалбай, өзүнүн өңүн кетирет.
  • Боор, өт оорулары жана ички бездин бузулушу: Эгер ден-соолугуңуздун начарлашы менен сепкил түшсө, дарыгерге кайрылганыңыз оң. Белгилүү бир оорунун айынан чыккан сепкилди кетирүүгө мүмкүн.

"Сепкил" укумдан-тукумга берилген генетикалык түзүлүш, андан толугу менен арылууга бир дагы косметолог кепилдик бере албайт. Өтө билинбей турган кылып коюуга пилинг, агартуучу мезотерапия жана лазер жардамга келет. Ошондуктан, сепкилди алдын алуунун мааниси чоң.

Сепкилди алдын алуу жолдору:

  • Эрте жаздан кеч күзгө чейин күнгө чыгаарда бетке сөзсүз түрдө күндөн коргоочу бет май сүйкөө маанилүү.
  • Бет майды сүйкөп коюп тим болбой упаны да колдонуңуз.
  • Колуңуздан келишинче күндө көп жүрбөңүз. Башыңызга баш кийим кийип, көз айнекти тагынып алыңыз.
  • Эч качан жаз жана жай мезгилдеринде бетти агартуучу бет майларды колдонбоңуз.

Сепкилден үй шартында арылуу:

  1. Айран. Сепкилди агартуучу касиетке ээ. Бир жумада 3 ирет айрандан маска жасап турсаңыз жардамы тиет.
  2. Киви. Бир даана кивини данеги менен сүргүчтөн өткөрүп, сепкилден арылтуучу пилинг катары колдонсоңуз болот. Бетиңиз калың болсо 3-4 минута массаж жасап коюңуз. Жука болсо укалоонун кереги жок. Киви маскасын бетиңизге 10 мүнөткө коюп, кайра жууп салыңыз. Эгер бетиңиз майлуу болсо чекеңизге, ээгиңизге, мурдуңуздун үстүнө көбүрөөк коюңуз. Себеби киви бет майлуулугун азайтат.
  3. Бадыраң. Эгер сиздин бетиңиз майлуу болсо, бадыраңды 1 аш кашык кылып эзип, ага жумуртканын агынын жарымын кошуп аралаштырасыз. Бетиңизге 15 мүнөт коюп, андан кийин жылуу суу менен жууйсуз.
  4. Лимон. Эки аш кашык сүткө лимондун 7-8 тамчы ширесин тамызып аралаштырып аласыз. Бетке 15 мүнөттөй коюп, андан кийин жылуу суу менен жууп коёсуз. Бул ыкманы лимондон аллергиясы барлар колдонсо болбойт.

Эскертүү: Бетиңизге маска кылганда ары-бери баспаңыз. Жатып алсаңыз жер тартымы менен маска жакшы сиңип, эффективдүү болот.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт