Жигитим сүйүүгө ишенбейт
18 жаштамын. Бир жигитти тааныйм, 19да, жумушчу, жалгыз жашайт. Бири-бирибизди жакшы көрөбүз. Бирок, ар дайым ойлонуп, баардыгына нааразы боло берет. Өзүнө да, башкага да ишенбейт. Көп сөгүнөт, ачуусу бат келет, кечке күлө берет, көздөрүндө муң бар. Өзгөргүсү келет, өзгөрө алабы? Аны менен кандай мамиле кылуу керек? Эмнегедир мага кыянаттык кылат деп корко берем. Сүйүүгө ишенбейт. Өзүм өтө кызганчаак, эрке, кайсар, ыйлаак кызмын. Экөөбүз төп келебизби?
Бермет Уланова
Гештальт-консультант
Кымбаттуум, жигит тууралуу көп жазыпсыз. Сизге суроом бар, бул окуяда өзүңүз көрүнбөйсүз го. Сизге эмне керек?
Жакшы көрөт деп, кайра сүйүүгө ишенбейт дегениңиз кандай. Айткандарыңызга караганда күмөнүңүз бар. Ошон үчүн шашпай, аны жакындан билүүгө аракет кылыңыз, болгону 18те экенсиз.
Бири-бириңерге төп келээриңерди (же тескерисинче) түшүнгөндө гана чечим кабыл алыңыз. Сизге ылайыктуубу же жокпу бир гана өзүңүз билесиз.
Өзгөргүсү келгенин айтыпсыз, кийлигишпеңиз. Биринчиден, башка адамды өзгөртө албайсыз, экинчиден, терс сапаттарын жоюу үчүн өзү аракет кылыш керек.
Жакшысы, өркүндөңүз, эмнеге жеткиңиз келет, издениңиз. Өзүңүздү толук билгенде гана адам сизге төп келеби же жокпу ылгап каласыз.