Аталык укуктан кантип ажыратам?
Мурунку жолдошум Россияда камакта. Өзүм Кыргызстандамын. Ортодо бир кызыбыз бар. Аны кантип аталык укугунан ажыратсам болот? Камакта деген кагазды кайдан алам? Кызымды кантип өзүмө жаздырып алам? Кеңеш бериңизчи!
Идаят Токташ
Юрист
Саламатсызбы! Жолдошуңуз Россияда камакта отурганы жөнүндө кагазды алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылыңыз. Кайрылууңузга оң жооп келсе, сотко аталык укугунан ажыратуу тууралуу доо арыз жазыңыз. Доо арызга жолдошуңуз камакка алынганы жөнүндө жоопту тиркеп, аталык милдетти аткаруудан, анын ичинде алимент төлөөдөн кыянаттык менен качып, Россияда жүргөнү жөнүндө жазганды унутпаңыз. Сизге ийгилик каалайм!