// //

Аялың ажаан, күйөөң бекерпоз болсо...

2018.06.21, 12:48
4836

Күйөөсү менен аялы милдеттерин билсе, үй-бүлө ичинде ынтымак орнойт, жылуулук менен ишеним калыбына келип, чогуу жашоо кубанычка айланат.

Эркектин милдетин мойнуна артып алган айымдар өздөрүн жүдөө сезет. Өз алдынча акча таап, чечим чыгарып, ашыкча жоопкерчиликти алып алышып, эмне себептен эртели-кеч күйөөсү диванда жата берет деп таң калат. Эркек болсо өз кезегинде, аялы анын күчүнө ишенбей, шык-жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатканына даттанат. Келиңиздер феминизм менен маскулизимди ары коюп, бактылуу жубай болуу үчүн кандай милдеттерди аткарса болоорун карап көрөлү.

Чыныгы эркек-таттуу нан бышырганды билиши керек!

Эркектер мамлекетти уюштурат, мыйзамдарды түзүшөт, кийин аларды өздөрү бузушат.

  • Эркектин негизги милдети-акча табуу жана үй-бүлөсүн камсыздоо.
  • Күйөөсү аялын урматтоого милдеттүү. Андыктан жубайыңызга эч качан кол көтөрбөй, кыйкырбай, жаман сөздөр менен чакырбаңыз.
  • Ата биринчи орунга үй-бүлөсүн коет. Таң атканга чейин досторуңуз менен сайрандап жүрө бербеңиз.
  • Белгилүү жазуучу Э.Хемингуей “чыныгы эркек-таттуу нандарды бышырганды, баланы орогонду жана мылтык атканды, тактап айтканда баарын билиши керек” деп жазган.
  • Уялып, милдеттерди бөлбөңүз.
  • Аялыңыз кош бойлуу болсо, ооруп же чарчап турса ага жардам көрсөтүңүз!

Ислам дининде аялдын иштеп тапканы өз чөнтөгүндө калышы керек, эркектики үй-бүлөгө каржыланат.

  • Аялыңызды мактап, ыраазычылык айтып, кийинтип, белектерди берип, аяп, коргоп туруңуз. Булардын баары он эселеп кайтып келет!
  • Бактылуу жана сүйүктүү аял үйдөгү күн сыяктуу, андан жылуулук жана бакыт чачырап турат. Жубайыңызга жылмаюу тартуулаңыз.
  • Үй-бүлө үчүн аял эмес эркек жооп берет.
  • Аял ар ким аны капа кылып коё турчу бөлөк үй-бүлө мүчө болуп келет. Бул процесс ага оор экенин билиңиз. “Бул болбосо башкасы” деген энеңиздин сөзүнө кирбей, аны коргоңуз.
  • Аялыңыз ата-энесине конокко, курбулары менен жолугушууга, театр, тренинг же машыгуу залына баргысы келсе макул болуңуз. Эгерде тыюу салып койсоңуз, анын табияттан берилген күчтүү энергиясы жана нааразычылыгы сизди дагы, үй-бүлөнү дагы бузат.
  • Ар тараптуу жана билимдүү аял балдарына жакшы тарбия берип, жумуштан кийин келсеңиз эс алуу тартуулап, дем алыш күндөрүн кызыктуу кылып уюштураарын билиңиз.

Менталитетти аялдарды кулчулукка алуу менен чаташтырбоо керек. Ар бир дин үй-бүлөдөгү зомбулукка, аялдардын кул абалына каршы.

Аялдын негизги милдети-кир жуу, тамак жасоо эмес!

Басынган күйөө өзүнүн үй-бүлө башчысы экенин көрсөтүү үчүн муштумун түйөт, кемсинтет.

  • Аял-үй чарбачылыгын жүргүзүп, балдарды тарбиялап, өзүн-өзү өнүктүрүп жана жакшы көргөн иши менен алек болууга тийиш.
  • Аялдын негизги сапаты-тамак жасап, кир жууй алганда эмес (муну баары бир үйрөнөт), туугандардын ар бир мүчөсү менен тил табыша билип, керектүү жерде жооп берип, өз убагында унчукпай калганда.
  • Күйөөңүз жумуштан кайтып келгенде ар дайым жакшы маанайда тосуп алыңыз.
  • Өзүңүздү карап, жагымдуу жыттанып, жакшынакай кийинип жүрүңүз.
  • Өмүрлүк жарыңыздын туугандарын сыйлаңыз.
  • Себепсиз чыр-чатак чыгарып, мээсин жебей, колдоо көрсөтүңүз.
  • Күйөңүздү мактап, ыраазычылык билдирип туруңуз.
  • Алдыга оозуп чыга бербей, алсыз болуңуз.

Ортодогу мамилени сактоо эки адамдан көз каранды. Сүйүү бүттү деп баарын таштап басып кетүү оңой. Мамилени дагы бапестеп багып, адамды сүйүп жар кылып алгандан кийин жоопкерчиликти аягына чейин алып кетүү керек. Ал эми ортоңуздарда пайда болгон көйгөйлөргө жооп таба албай жатсаңыздар, www.bilesinbi.kg сайтына же WhatsApp 0704 004 608 номерине суроолоруңузду узатыңыздар.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт