Өзбек жигитке ашыкмын
Москвадан билим алган өзбек жигит мени сүйөт. Анын жакындарынын баары мамилебиз туурасында билет. Бирок, менин ата-энемдин кабары жок. Эмне кылсам болот?
Бермет Уланова
Гештальт-консультант
Окурман, жигиттин сүйөөрүн жазып жатасыз, сиз аны сүйөсүзбү? Өмүр боюу аны менен болосузбу? Жашоонун ачуу-таттуусун бирге татууга макулсузбу? Эгер даяр болбосоңуз шашпай, сезимиңизди түшүнүү үчүн тыным алыңыз.
Сүйсөңүз, бирге болууга даяр болсоңуз, ата-энеңизге айтыңыз. Ооба, алар башка улуттун жигиттине турмушка чыгышыңызга каршы болушу мүмкүн. Сиз жаман улут эмес, жаман адам болоорун түшүндүрүңүз.
Жигитти ата-энеңиз менен тааныштырганыңыз туура болот. Аны жакындан билишсе, мүмкүн макулдугун беришет.
Чындап эле ага сезимиңиз күчтүү болсо, аны менен бирге болгуңуз келсе, ата-энеңизге жакындатууга кандайдыр бир аракеттерди жасаңыз.
Мындан сырткары, үй-бүлө курууга сиз жана тандаган адамыңыз даярбы, ойлонуңуз. Кантип, ким менен каякта жашайсыз? Медициналык көзөмөлдөн өтүп, үй-бүлөнү пландап коюу дагы ашыктык кылбайт.