Кайын энем менен жолдошум кандай жаза алат?
2018.10.26, 11:25
2010
Иштебеген, аялын, баласын бакпаган, жакшы мамиле кылбаган, алимент төлөбөгөн, жардам бербей кайдыгер караган, тапкан ташыганын жеке өзүнө короткон эркекке тиги дүйнөдө кандай жаза каралат?
Жаш үй-бүлөгө кийлигишип, ортого от жагып, келинди кемсинткен, "ажыраш" дей берген кайын эне кандай жаза алат?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.10.2018, 11:42
Бактияр Токтогазы уулу
"Фатва" бөлүм адиси
Урматтуу айым, эркек аял алгандан кийин, аны кийинтип, ичинтип, камсыздашы керек. Милдетин аткарбаса күнөөлүү, акыретте жооп берет.
Ата-энелер уул-кыздарына, келиндерине эмнени айтып жатат билиши зарыл. Жөн-жерден туура эмес иштерди жасаса, зулумдук кылган болот.
0
Пайдалуу жооп