// //

Чачы түшкөндөрдүн көйгөйү

2018.01.19, 14:47
16721

Трихолог бул чач жана баштын териси менен иштөөчү адис, Кыргызстанда бул кесипти аркалагандар аз. Чач тегерек болуп такырайып түшүп жана такыр жер улам чоңоёт. Ага нерв, эндокрин системасынын бузулушу, организмдин жалпы уулануусу, тиштин чириши, тонзиллит, гайморит жана башка өнөкөт инфекциялар себеп болот. Оорунун мындай формасы өнөкөт түрүнө өтөт жана оңой менен айыкпайт. Оорунун алгачкы белгилери билинери менен доктурга кайрылуу керек.

  • Чачтын түшүүсүнүн себеби эмнеде?

Чачтын түшүүсүнүн себептери абдан көп, биринчиден чач ички органдардын жабыркашынан түшөт, организим начарлаганда белги берип чач түшө баштайт. Андан сырткары стресске кабылганда, химиялык заттарга ууланганда, витаминдин жетишпөөсүндө, көп ойлонгондо, өтө чарчоодо, уйку качууда, окуучуларда жана студенттерде сынак учурунда чачтын түшүшү күчөйт жана чачты катуу тартып байлаганда, катуу тараганда чач көбүрөөк түшө баштайт. Айрым учурда дарыны узакка пайдалануудан, чачты туура эмес күтүүдөн да түшөт.

  • Кандай жол менен алдын алууга болот?

Ар ким өзүнүн ден-соолугун көзөмөлдөшү керек, стресске кабылбоого, көп ойлонбоого, ууланып албоого аракет кылышы абзел. Дайыма витаминдүү ( А, С ) тамактарды жегенге аракет кылып. Жумасына бир же эки жолу чач үчүн маска жасап, чачты cуу кезинде тарабай, фен менен кургатпай, чачка аяр мамиле кылуу эмнеге болбосун. Мисалы бал менен маска кылса болот. Ал үчүн 1 чай кашык бал, 1 аш кашык пияздын ширеси, 1 даана жумуртканын сарысы жана 1 чай кашык өсүмдүк майы керектелет. Бул азыктардын баарын бирдей массага келгиче чалып, жакшылап аралаштырасыз. Даяр болгон массаны чачтын түбүнөн учуна чейин сүртүп, эки саат кармайсыз. Аталган ыкманы жумасына эки ирээттен 3-4 айга чейин кылсаңыз болот.

  • Чачты кератин менен түздөтсө (кератиновое выпрямление) болобу, баш териге зыяны жокпу?

Албетте болот, эмнеге болбосун. Түздөтүүнү каалагандар биринчи көптөн бери ошол иш менен алектенген адисти тандап жана сапаты жогору кератин менен түздөттүрө берсе болот. Иш процесси туура, так болсо баш териге, чачка дагы зыяны тийбейт.

  • Өспүрүмдөрдүн чачынын агаруусунун себеби эмнеде?

Чач агаруунун 3 себеби бар. Биринчиси, тукум куучулук, эгер тукумда эрте жаштан чач агаруу бар болсо, агара берет. Экинчиси, организимде майда элементтердин жетишсиздиги. Үчүнчүсү, чачтагы меламиндин ( чачка өң берүүчү элемент ) азайып кетиши. Эгерде тукумда чач агаруу жок болсо, анда тийиштүү адистерге кайрылуу керек.

  • Чачтын коюу, калың болуп чыгышына, таз кылып кырып салуу жардам береби?

Жок, таз кылып алып салуу, коюу, калың чачтын чыгышына жардам бербейт. Эгер ата-энесинин чачы суюк, жука болсо анда баланыкы ошондой болот. Балдардын чачын кырып салуу ыңгайсыздык дагы жаратат, өсүп чыкканча кычыштырат, досторунан тартынып дайыма баш кийим кийип жүрүүгө туура келет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт