Боорум менен өтүмдү алып коюшту
2018.10.22, 09:12
1545
20 жаштамын. Эки жарым жыл мурун боорумдун 70%ы менен өтүмдү алып коюшкан. Турмушка чыгып, боюмда болгондо боорума күч келбейби?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.10.2018, 09:17
Асель Сыдыкбекова
Терапевт
Урматтуу окурман, бооруңуздун 70 пайызын эмне себептен алышканын толук жазбапсыз. Сизге берген жообум дагы кенен болмок. Бирок, коркпостон турмушка чыга бериңиз. Боорун алдырып, балалуу болгондор бар. Болгону боюңузга бүтөөр алдында текшерилүүдөн өтүңүз. Болочоктогу ымыркай ден-соолукта төрөлсүн десеңиз дарыгерлердин айткандарын аткарыңыз.
0
Пайдалуу жооп