Кош бойлуу учурунда суюктук келсе эмне болот?
2018.10.21, 11:32
2902
Саламатсызбы! Алты айлык боюмда бар. Кочкул күрөң түстөгү суюктук келип жатат. Эмне кылсам болот?
Чоң рахмат!
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.10.2018, 11:36
Атыргүл Иманалиева
Гинеколог
Урматтуу айым, кош бойлуулук учурунда суюктук келет. Эгер ал жагымсыз жыттанса, кандайдыр бир оорунун белгиси. Төрөткө зыяны тийип калбасын десеңиз гинекологго кайрылыңыз. Дарыланбасаңыз ымыркайдын көзү чылпактап, көп убакыт айыга албай кыйналат. Сизге ден-соолук каалайм!
0
Пайдалуу жооп