Кантип алып баруучу болсо болот?
Жагымдуу коңур үндүү жаш алып баруучу Айзада Жамгырчиева алып баруучу болууну каалаган өспүрүмдөрдүн суроосуна жооп берди.
Алып баруучу болуу үчүн кайсы адистикти тандасам болот?
- Элдин баары эле алып баруучу боло бербейт. Жараткан төрөлгөндөн тартып кандайдыр бир өзгөчөлүк берет. Ошол өзгөчөлүк менен каалоого ылайыктап кесип тандасаңыз жаңылбайсыз. Эгерде сизде алып баруучулукка жөндөм болсо, журналистика кесибин тандаңыз.
Алып баруучу болгум келет. Сөзсүз сулуу болушум керекпи?
- Билесизби, алып баруучу үчүн жан дүйнөнүн, билимдин келбети маанилүү. Анткени экрандан сенин көрөрманың “айиий кандай сулуу кыз” деп бир нече гана убакыт көңүл бурушу мүмкүн. Жан дүйнөнүн, баш казандын сулуулугун толтуруу өтө кыйын. Ошол себептен келбет өтө маанилүү эмес. Азыркы учурда макияж менен сулуулукту жасап койсо болот.
Университетте окубай туруп алып баруучу болсом болобу ?
- Биринчиден, жан дүйнөңүздө каалоо болсун. Баардык тоскоолдуктарга чыдап, ысыгына күйүп, муздагына тоңо турган абалда болсоңуз кесибиңиздин мөмөсүн аласыз. Алып баруучу болуу үчүн окуу жай сизге билим тартуулайт, ашык билим баш жарбайт. Бирок, практика көрсөткөндөй журналистиканы бүтпөгөн айымдар дагы алып баруучу болуп иштеп жүрөт. Андыктан бул нерсени ар бир адам өзү чечет.
Үнүмдү кантип туура таптасам болот?
- Үндү таптоо боюнча сизге так бир багытты көрсөтө албайм. Ал үчүн атайын көнүгүүлөр, этаптар, тепкичтер бар. Эң негизгиси вокалдык сабакка барыңыз.
Алып баруучу болуп көп акча тапса болобу?
- Алып баруучу болуп “миллионер” болом десеңиз жаңылышасыз. Көп акчаны тойлордон, иш-чаралардан тапса болот. Бирок ал чыныгы журналистикага жатпай калат.
Алып баруучу сүйлөгөндү эле билсе болдубу?
- Алып баруучу сүйлөгөндөн тышкары, адамдар менен тил табышууну, мамиле түзө билүүнү билиши керек. Сен жакшы сүйлөп, бирок элдер менен мамиле түзө албасаң өсө албайсың. Кыргызда “Жалгыз дарак токой болбойт” деген жакшы сөз бар. Алып баруучу ар тармактуу болушу зарыл.
Сөз байлыгым аз. Алып баруучу боло аламбы?
- Албетте! Сөз байлыгыңызды экинчи мугалимибиз болгон китептен окуп, байытып алсаңыз болот. Китеп окуунун негизинде жаңы сөз, жаңы идеяга ээ болосуз. Сизге китепти көп окууну сунуштайм.
Өзүм сулуу эмесмин, толукмун дагы. Телевиденияда иштегим келет. Ал жакка фигураңды көрүп кабыл алышабы?
- Ооба, телевидения алгач сиздин жүзүңүздү карайт. Андан кийин үнүңө, өзүңдү алып жүргөнүңө баа берет. Ушул себептен улам алып баруучулар ар дайым өзүн бир калыпта алып жүрүүгө аракет кылат. Негизи эл алдында жүргөн адамдар өзүн мыкты алып жүрүшү керек. Анткени коомчулук аларды көрүп түзөлөт.
Урматтуу bilesinbi.kg порталынын өспүрүмү сен кайсы кесиптин ээси болгуң келет? Биз сага туура кесип тандоого жардам беребиз! 0704004608 whatsApp номерине өз оюуңду калтыр.