Каршылыгыма карабай нике кыйышты
2018.10.17, 14:55
3258
Сиңдимди 17 жашында ала качып кеткен. Ачуу базарга келгенде ата-энеси каршы болгон. Бирок, каршылыгына карабай нике кыйдырып салышкан. Нике түн боло электе сиңдимди ата-энеси күч менен алып келген. Азыр турмуш жолунда. Никеси кыйылган. Биринчи кыйылган никеси кандай болуп калат? Андан бери 6 жыл өттү.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.10.2018, 15:01
Кадыр Маликов
Теолог
Урматтуу окурман, күч менен кыйылган нике өтпөйт. Нике эки адамдын тең каалоосу менен кыйылышы шарт. 17 жаштагы кызга ата-энесинин макулдугу керек болчу. Сиңдиңизди ала качып кеткен, каршы болгонуна карабай кыйнап көндүрүшкөн. Кандай болгон күндө да анын, ата-энесинин каалоосу жок болсо, нике кыйылган болуп эсептелинбейт.
0
Пайдалуу жооп