Мугалим ооруп калса окуучу дарылайбы?
Сиңдим Сокулук районунун Керимбүбү Шопокова атындагы №3 мектепте 11-класста окуйт. Мектептердеги акча чогултууларга тыюу салынгандыгын жаңылыктардан уккам жана окугам. Бул мектептин мүдүрү ооруканага жатып калгандыгы үчүн ар бир класс 500 сомдон чогултуп берип жатканын билип калдым. Кайда кайрылабыз? Адилеттүүлүк болушун каалайм!
КР Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы
Саламатсызбы! Керимбүбү Шопокова атындагы №3 мектептин мүдүрү бутун кокустатып алып ооруканада жатканы чын экен. Сиз билдирген маалыматтар боюнча атайын изилдөө жүргүзүп көрдүк. Жыйынтыгында, мектепте эч кандай акча чогултуу болбогону белгилүү болду. Эгерде биздин жоопко макул эмес болсоңуз, колуңузда акча чогултуу боюнча далилдер бар болсо, редакцияга кайрадан кайрылыңыз же төмөнкү номурлар аркылуу биз менен байланышыңыз. Мыйзамсыз акча чогултууну биргеликте алдын алабыз.
Ишеним телефондору: +996(312) 62-05-19
Тынымсыз байланыш: 1222