Кызым таятасынын атына өтө алабы?
2018.10.11, 14:23
998
Жолдошум менен мыйзамдуу түрдө ажырашкам. Бир кызыбыз бар. Эч кандай жардам бербейт. Кызымдын фамилиясын өзүмдүкүнө өткөрүп алсам болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.10.2018, 14:31
Байгазы Бегишов
Юрист
Урматтуу айым, бул маселенин эки жолу бар. Биринчиси, кайрадан сотко аталык укугунан ажыратуу жана мурунку чыккан соттун чечимин бузуп, жардам бербей жаткандыгын баяндап арыз жазасыз. Сот аталык укугунан ажыратканда, кызыңызды өзүңүзгө каттатып аласыз.
Экинчиси, кызыңыз паспорт алуу учурунда өзү каалаган (атасынын же апасынын) фамилиясын тандап алат. Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп