Агаларыма керегим жок
Өзүмдү бактысыз, жалгыз сезем. Депрессияга көп кабылам. Шаарда жалгыз эле жүрө берем. Ооруканалардын биринде иштеп, 2 окуу жайда окуйм. Өзүмдү өзүм каржылайм.
Үй-бүлөдө 5 уул жана мен. Башымдан аябай оор күндөр өттү. Агаларым мага жардам бермек тургай сурап да коюшпайт. Мен аларга таарынарымды же аларды сагынаарымды билбейм. Байланышпай эле өз оокатымды кылып жүрө берсемби деп да ойлойм. Кээде менин жардамым керек болгондо чалып калышат. Мага ушундай бир туугандар керекпи?
Бермет Уланова
Гештальт-консультант
Окурман, өзүңүздү жалгыз сезип, кайгырып турганыңыз өкүнүчтүү. Бирок жумуштагы, окуудагы аракетиңизге суктанууга болот. Агаларыңыз менен болгон мамилеңизди жана таарынычыңызды жазып жатасыз. Алар кыйынчылыкта жалгызсырап жаткандыгыңызды билешеби? Бул тууралуу аларга айткансызбы? Мүмкүн кандай абалда жүргөндүгүңүздөн кабары жок. “Бир нерсе керек болсо чалат” дейсиз, сиз дагы жардамга, көңүл бурууга муктаж болгондо, сылык гана алардын керек болуп жаткандыгын айтыңыз. Бир туугандар менен ишеничтүү, жакын мамиле куруу үчүн убакыт жана аракет керек. Ийгилик каалайм!