// //

Кыргызбыз, бирок кызыбыз орус

2018.10.10, 09:52
1716

Саламатсызбы! Биз жолдошум экөөбүз Кыргызстандын жараныбыз. Күйөөм Москвада иштегендиктен жанына барганбыз. Ал жерден кош бойлуу болдум. Ишибиз жакшы болгондуктан ошол жакта төрөшүмдү каалады. Көз жардым, балабызга Москвадан туулгандыгы тууралуу күбөлүк алдык. Азыр мекенибизге кайтып келгенбиз. Кызыма Кыргызстандын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алсак болобу? ЖААКта ишегендер "болбойт" деди. Биз эмне кылсак болот? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.10.2018, 10:00

Байгазы Бегишов

Юрист

Саламатсызбы окурман! Кызыңызга Кыргызстандын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алуу үчүн, Москва шаарына барып күбөлүктү алган жерден "жарандылыктан баш тартуу" кагазын аласыз. Андан кийин кайрадан ЖААКка кайрыласыз. Ийгилик! 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт