Күйөөмдү кантип жазаласам?
Былтыр ушул убактарда турмушка чыккам. Жолдошума өзүмө ишенгендей ишенчүмүн. Балабыз чарчап калып, ажырашып кеттик. Төрт ай мурун "жарашалы" деп келгенинен макул болгом. Бир жолку жыныстык катнаштан кийин боюмда болуп калды. Кош бойлуу экенимди билдирсем, башкага үйлөнөөрүн айтты. Эми мен эмне кылам? Кайда барам? Мени алдаган күйөөмдү кантип жазалайм?
Бермет Уланова
Гештальт-консультант
Окурман, баладан айрылуу бул – чоң стресс жана кайгы. Буга кошумча жолдошуңуз менен дагы ажырашыптырсыз. Балаңыздан айрылып калганыңызга көңүл айтам жана ушундай кырдаалга учурап калганыңыз үчүн кайгырып турам. “Андан кантип өч алсам болот” деп жатасыз. Аны жазалоо эмне үчүн маанилүү? Мындан эмне пайда табасыз?
Кош бойлуусуз, балаңыздын жана өзүңүздүн ден-соолугуңузду биринчи орунга коюп, болгон күч аракетиңизди жумшаңыз. Эске алышыңыз керек, сизди жолдошуңуз жашоодогу эң оор күндөрдө таштап, көңүлүңүздү оорутту. Ал туруктуу адам эмес өңдөнөт, кайтып келген күндө да кайрадан кетип калышы мүмкүн.
Жакын туугандарыңыз барбы? Балалуу болгондо биринчилерден болуп ким жардамдашат?
Жолдошуңуздан алимент өндүрүп алуу боюнча юридикалык кеңеш алууңузду сунуштайм.
Суроо берээрде жашооңуздардан толук кабарыбыз жок экенин билип, толук жана так жазганга аракет жасаңыздар!