Майыпмын, окугум келет
2018.10.08, 16:36
863
Менин мүмкүнчүлүгүм чектелген. Мектепти сырттан окуйм, сабакка кээде барам. Бирок чейрегим чыгат. 9-классты бүткөндөн кийин кандай кесип тандасам болот? Төмөнкү билим менен эч бир окуу жайга тапшыра албай каламбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.10.2018, 16:38
Таалайбек Чолпонкулов
Башталгыч жана орто билим берүү агентигинин мүдүрү
Урматтуу окурман, 9-класстан кийин кесиптик лицейге, колледждерге тапшырсаңыз болот. Эгерде кесип тандай элек болсоңуз, кабыл алып, консултация беребиз. Баары өз мүмкүнчүлүгүңүзгө жана каалооңузга жараша. Өзүңүз каалаган кесиптин ээси боло аласыз. Окуу жайга тапшырууга жакындап калганда бизге кайрылсаңыз, сизге жардам беребиз.
0
Пайдалуу жооп