23 жылдан бери паспорту жок
Жакын таанышымдын паспорту жок. 1995-жылы мурунку советтик үлгүдөгү паспорт алып, кайра жоготуп алган. Ар кандай себептер менен (материалдык кыйынчылыктар, паспорт берүү кызматындагы коррупциялык аракеттер, орой мамиле ж.б.) паспорту жок жүрөт. Кантип алаарын билбейт, ишенбейт дагы.
Кайда кайрылып, кандай документтерди чогултуп, кантип паспорт алса болот? Канча акча төлөйт? Айып пул төлөйбү?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Кыргыз Республикасынын жарандуулугу боюнча мыйзамдын негизинде эски советтик паспортту алгандар КРнын жараны боло алат. Ал үчүн:
- Жашаган жерден тактама кагаз;
- Туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- Акт таануу (акт опознания).
Жогорудагы документтерди топтоп паспорт берүүчү жайга арыз менен кайрылат. Арызды карап чыккандан кийин, паспорт берүү кортундусу чыгарылат.
Бул инсан каттоосу жок жашап жүргөн болсо айып пул төлөйт. Ийгилик!