Түшүркөп сүйлөнөм
2018.10.05, 12:51
964
Күндө түнү менен сүйлөнүп чыгам. Күндүзү эмне кылсам түнкүсүн кайталайм. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.10.2018, 12:54
Гүлсана Бапаева
Терапевт
Түнкүсүн сүйлөнүүнүн себептери:
- Тукум куучулук. Эгер ата-энеси түнкүсүн сүйлөнсө анда балдары дагы сүйлөнөт, көпчүлүк учурда эркектерге өтөт;
- Түнкү коркунучтар, апноэ, сомнабулизм, энурез жана уктоо алдындагы ашыкча тамактануу;
- Уйкунун бузулушу;
- Наркотик жана алкоголь;
- Бөлмөдөгү жогорку температура, ысытма, алсыроо;
- Аш кылууга оорчулук жараткан азыктар менен тамактануу;
- Стресс, депрессия;
- Психоэмоционалдык жана физикалык күч келүүлөр;
- Баштагы жаракат;
- Нервдик системанын иштешиндеги бузлуулар;
- Мээдеги оорулар.
Түнкүсүн сүйлөнүү сизди кыжалат кылып тынчыңызды алса, өз алдынча сүйлөнүүнү азайтыңыз.
- Уйкуну туруктуу кылуу жана толук кандуу уктоо;
- Уктоо гигиенасын сактоо.
Төмөнкүлөрдөн алыс болуңуз:
- Түнкүсүн тамеки чегүүдөн жана алкоголь ичүүдөн;
- Курамында кофеин бар суусундуктардан күндүн экинчи жарымынан баштап алыс болуу;
- Уктоо алдындагы ашыкча тоюп алуудан;
- Чеги жок сары сана жана стресс болуудан;
- Уйку алдында жаңы маалыматтарды көп окуудан жана андан кабардар болуудан;
- Эмоцияны ойгото турган кино же берүүлөрдү көрүүдөн.
Дарыгерге кайрылууну унутпаңыз!
0
Пайдалуу жооп