Күйөөмдүн фамилиясына кантип өтөм?
2018.10.04, 12:49
1543
Күйөөмдүн фамилиясына өтөйүн дегем. Кандай документтер керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.10.2018, 12:51
Окурман, жашаган аймагыңыздагы ЖААК (ЗАГС) бөлүмдөрүнө кайрылып арыз жазасыз. Үлгүсүн ошол жерден беришет.
Арызда төмөндөгү маалымат көрсөтүлүшү керек:
- Аты-жөнү, туулган күнү жана жери, жарандыгы, улуту, жашаган жери, үй-бүлөлүк абалы ( бойдок, никеде, жесир, ажырашкан);
- Эгерде балдар бар болсо, бойго жете электеринин аты-жөнү, туулган күнү;
- арыз берүүчүнүн жана бойго жете элек балдарынын ар бирине карата түзүлгөн жарандык макамы жазылган маалымат;
- Фамилия, аты жана атысынын атын кантип өзгөртүлөт жазылат;
- Аты-жөнүн өзгөртүүгө эмне себеп болду.
Атын гана өзгөртүүнү каалаган адам, атын өзгөртүү жөнүндө арызга кол коёт жана түзүлгөн датасын көрсөтөт.
Арыз менен кошо төмөнкү документтерди даярдоо зарыл:
- арыз ээсинин ким экендигин тастыктаган документ (паспорт);
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- арыз ээси үй-бүлөлүү болсо, нике тууралуу күбөлүк;
- ажырашуу күбөлүгү, арыз ээси ажырашкандыгына байланыштуу кайрадан кыз атын алууну кааласа;
- бойго жете элек балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
Кээ бир документтер жоголуп кетсе, орган бар болгонун кабыл ала берет, жоголгондорду МКК өзү ЖААК аркылуу калыбына келтирип алат.
0
Пайдалуу жооп