Алимент төлөсө, чет өлкөгө чыкпайбы?
2018.10.01, 15:20
1194
Жолдошум экөөбүз ажырашып жатабыз. Балдарыма алимент чектетсем, ал чет өлкөгө чыгып иштей алабы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.10.2018, 15:35
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу окурман, сот алимент өндүрүп берүү чечимин чыгарса же жолдошуңуз менен макулдашып, макулдашууну нотариалдык түрдө күбөлөндүрүп, сот аткаруучуга алып барып берсе, сот аткаруучу алимент өндүрө баштайт. Күйөөңүз алимент төлөөдөн баш тартса, сот аткаруучу чет жакка чыгуусуна чектөө киргизип коёт.
0
Пайдалуу жооп