Бала багып алам
2018.10.01, 11:30
1437
Бала багып алалы дегенбиз. Кимге, кайда кайрылабыз?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.10.2018, 13:19
Гүлзина Бообекова
Суроого Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси
Бала багып алууну кааласаңыз жашаган жериңиз боюнча социалдык коргоо кызматына кайрылсаңыз, адистер шарттарын кененирээк түшүндүрүп берет. Багып алуу үчүн акча төлөнбөйт, болгону документтериңизди тапшыргандан кийин, акыркы чечимди сот чыгарат. Атайын талаптарга жооп берүү үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу абзел:
- Асырап алууга мүмкүндүгү бар экендиги тууралуу арыз;
- Арыз ээсинин (ээлеринин) паспортунун көчүрмөсү;
- Нике жөнүндө күбөлүк (жубайлар үчүн);
- Жашаган жеринен жана үй-бүлөлүк курамы тууралуу маалымкат;
- Арыз ээсинин туруктуу киреше булагы бар экенин ырастаган документ (иштеген жеринен жана эмгек акысы көрсөтүлгөн маалымкат, ишкердик кирешеси жөнүндө декларациянын көчүрмөсү, жер үлүшү, малы жана башка активдери бар экенин тастыктаган жергиликтүү башкармалыктын маалымкаты);
- Турак-жайы тууралуу менчик укугун ырастаган документ;
- Соттолбогондугу жөнүндө ички иштер органынын маалымкаты;
- Арыз ээсинин ден-соолугунун абалы жөнүндө медициналык корутунду;
- Иштеген жеринен же жашаган жеринен мүнөздөмө;
- Баардык документтер берилген күндөн тартып бир жылга чейин жарактуу деп саналат.
0
Пайдалуу жооп