Кыздар менен кошулган эмесмин
18 жаштамын. Кыздар менен кошулган эмесмин. Кээде мастурбация аркылуу уруктугумду карап турам. Дайыма суюк ("суу сийдик" деп да коюшат) болуп чыгат. Мен дарыланышым керекпи же кийинчирээк калыбына келеби?
Нурлан Эгетаев
Уролог
Урматтуу окурман, уруктук суу сыяктуу болбошу керек. Урук суюктугу ак, агыш түстө болот. Мастурбация менен көп алектенбеңиз. Анализ тапшырып, дарыгердин көзөмөлүнөн өтүңүз!
Мирлан Айбашов
Уролог
Өзүн-өзү канаттандыруу же болбосо мастурбацияны узак убакытка чейин кылуу онанизим оорусуна алып келет. Жаштайынан кылып көнүп калган балдарга кийин бул адатттан чыгуусу кыйын жана зыян. Нервге терс таасирин берип, уруктук жаткан простоторея сыяктуу ооруларга чалдыгып, простатит, импонтенция болуп калуу ыктымалы жогору. Кийин үйлөнгөндө, жыныстык катнаштан кумар ала албай, бекинип алып көнгөн адатын кыла берет. Андыктан сиз бул адатты таштаңыз жана сөзсүз урологго кайрылыңыз.