Республикалык оорукана 5000 сом талап кылып жатат
2018.09.27, 10:04
1396
Кызым 6 жашта. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жоготуп алгам. Республикалык ооруканда төрөгөм. Ал жакка кайрылсам “5000 сом бер, бүтүрүп беребиз” деди. Мен үчүн кымбат. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.09.2018, 10:17
Нурислам Раимжанов
Юрист
Саламатсызбы! Алгач Республикалык ооруканга кайсы жылы, кайсы күнү төрөгөнүңүздү белгилеп, маалымкат сурап арыз жазасыз. Алар туулгандыгы тууралуу маалымкатты берүүгө милдеттүү.
Эгер берүүдөн баш тартса, эмне себептен бербей жаткандыгы жөнүндө түшүндүрмө жазып бериши керек. Ал түшүндүрмөнү алып прокуратура кызматкерлерине кайрыласыз.
5000 сом талап кылганы мыйзамсыз.
0
Пайдалуу жооп