6 жылдан бери паспорту жок жүрөт
Саламатсызбы! Айылдаш кошуна эже Өзбекстандын жараны.
Бишкекке турмушка чыккан, 6 жылдан бери паспорт ала албай кыйналып жүрөт. Балдарынын дагы туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Каттоосу 2015-жылы бүтүптүр. Эмне кылса болот?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Саламатсызбы! Айылдашыңыз 2015-жылдан бери каттоого турбай КРнын мыйзамын бузуп жатыптыр. Биринчиден бул айым башка өлкөнүн жараны болуп туруп Кыргызстанда жашап жатканы үчүн айып пул төлөшү керек. Андан кийин дайыма жашай турган орду катары каттоодон өтөт. Беш жылдык мөөнөт өткөндөн соң паспорт алууга уруксат берилет.
Эгер бул айымдын жолдошу кыргыз болсо, "Кайрылман" деген программанын жардамы менен жеңилдетилген формада паспорт ала алат.
Балдары Бишкек шаарында туулган болсо, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууга милдеттүү. Бул маселе менен ЖААКка кайрылсын.