Милицияларга мыйзам иштебейби?
Милиция кызматкерлери көчөдө кетип жаткан адамды өздүгүн тактаган соң, ишканасына күч колдонуп алып барып акча талап кылса кимге кайрылуу керек? Алардын үстүнөн ким карайт? Кайсыл мыйзамды бузду же аларга мыйзам иштебейби?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу окурман, КРнын мыйзамы баардыгы үчүн бирдей иштейт.
Милиция кызматкерлеринин үстүнөн прокуратура органы көзөмөлдөйт. Эгер эч кандай мыйзам бузбасаңыз дагы, ишканасына алып барып акча талап кылган болсо, окуяны баяндап арыз менен прокуратурага кайрылыңыз.
Опер кызматкерлери күч колдонуп, акча талап кылганы үчүн КРнын конституциясынын 22-беренесин (Эч ким кыйноолорго, башка адамкерчиликсиз, мыкаачылык же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге же жазалоого туш болушу мүмкүн эмес) бузду.
Ошондой эле сизди эркиндигиңизден ажыратканы үчүн КРнын конституциясынын 25-беренесинин биринчи бөлүгүн (Кыргыз Республикасында ар бир адам ары-бери эркин жүрүүгө, барчу жана жашоочу жерин тандап алууга укуктуу) бузду.