Күнөөкөр эркиндикте жүрөт
2018.09.24, 11:27
1030
Саламатсызбы! Кызымды унаа сүзүп кеткен. Соттун "камалсын" деген чечимине карабай айдоочу эркиндикте жүрөт. Бүгүн сот болот. Жактоочум ишинен баш тартты, ансыз сотко барсам кеткен чыгымымды өндүрө аламбы? Кеңеш күтөм!
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.09.2018, 11:47
Нурислам Раимжанов
Юрист
Саламатсызбы! Жактоочуну жалдап жатканда келишим түзгөнсүзбү? Эгер макулдашуу кагаз түрүндө түзүлгөн болсо юридикалык жардам көрсөтүүгө милдеттүү.
Жарандык кодексте доо арыз деген бар. Соттон кеткен чыгымдарды өндүрүп берүүсүн өтүнүп доо арыз жолдошуңуз керек.
Айдоочу толук түрдө күнөөлүү деп табылса, доо арыз канаттандырылат.
Окурман, материалдык жана моралдык чыгымдарыңызды эсептеп, сот учурунда сотко беришиңиз кажет. Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп