Бир келин мен үчүн ажырашып жатат
Бир келин мен үчүн күйөөсү менен ажырашып жатат. Ошол келинге үйлөнсөм болобу?
Ширин Амантурова
Психолог
Урматтуу мырза, азыркы учурдагы сезимиңизди түшүнүп турам. Ал адам сиз үчүн өзүнүн үй-бүлөлүк очогун бузуп, сизге бел байлагыны жатыптыр.
Билсеңиз, ар бир жуп мамиле кризисин башынан өткөрөт. Бул болуп туруучу көрүнүш. Ушундай учурда сабырдуулук менен үй-бүлөнү сактап калууга аракет жасоо керек. Кризисти кечирип жаткан бүлөгө башка адамдын кийлигишүүсү туура эмес болуп калаарын ойлоңуз.
Ал айым күйөөсүнөн ала албаган мээримди, сүйүүнү сизден көрүп жаткандыр.
Үй-бүлөсүн бузуп, чоң жоопкерчиликти моюнга алып, бактылуу жашап кетүүгө даярсызбы?
Ойлонуп, туура чечим кабыл алышыңызга тилектешмин!