Сүйүүсү жок турмуш кургам
Турмушка сүйбөй чыккам. Анысы аз келгенсип кайын журтум менен келише албайм. 4 жаштагы балам бар. Балам үчүн баарына кайыл болуп келем. Ачуум аябай чукул болуп баратат. Жолдошум башында көзүмдүн кареги менен тегеренип турчу. Ал дагы менден тажагандай көрүнөт. Кайын журтумдун мага кылган жаман аракеттерин унутуп, кечиргенге аракет кылсам дагы болбоду. Эмне кылсам?
Ширин Амантурова
Психолог
Урматтуу айым, турмушка чыккан кыз-келиндин баары өз сүйгөнүнө баш кошкон десек жаңылган болобуз.
Убагында жолдошуңуздун сизге болгон кандайдыр бир мүнөзү, мамилеси же бир сапаты үчүн, сүйбөсөңүз да баш кошууга бел байлагансыз. Күнүмдүк оокатка байланып, бири-бириңиздерге жетиштүү мамиле кыла албай, көңүлүңүздөр калып жаткан чыгаар.
"Балам үчүн жашап жүрөм жүрөм" деген оюңуздун туура эмес экенин билиңиз. Баланын өзүнүн жашоосу бар, аны өзүнчө бөлүп караңыз. Бала сиздин эмоцияңызды, маанайыңызды, кылган мамилеңизди губка сыяктуу өзүнө сиңирип алат. Күйөөңүз жана кайын журтуңуз менен болгон көйгөйдү балаңыздан чыгарбоону суранам.
Мамилени оңдоодо алгач өзүңүздөгү терс саппаттардан арылганга аракет кылыңыз. Жолдошуңуз менен ачык сүйлөшүңүз. Ийгилик!