Психолог болууну кыялданам
Азыркы учурда педагогикалык билим алып жатам. Бирок кичинемден психолог болууну самайм. Мындан аркы билимимди психология тармагында улап кетсем дейм. Азыртадан баштап кандай китептерди окусам туура болот. Психологдорго ыктыярдуу түрдө ассистент болсом болобу? Өзүмдү психология жаатында өнүктүргүм келет.
Ширин Амантурова
Психолог
Саламатсызбы! Психология илими биздин өлкөдө жаңыдан гана өнүгүп, элибизге эмиден гана жете баштады.
Психология башка кесиптер сыяктуу эле талыкпаган эмгекти, изденүүнү талап кылат. Сизде эң негизгиси каалоо болушу керек.
Магистратурага тапшырганча психологиялык тренингдерге барышыңызды сунуштайм. Практика жүзүндө иштеш үчүн теорияны билүү керек. “Общая психология” деген китепти алып окуңуз. Анан акырындап четинен керектүү китептерди ала берсиз. Долбоорлорго иштегени аракет кылыңыз.
Эң негизгиси аракет кылып, өзүңүздү өнүктүрүңүз. Ойлогон максатыңызга жетишиңизге тилектешмин!