// //

Деги кыздарга эмне жагат?

2018.09.20, 10:25
3552

Саламатсызбы! Кыздын жакшысын эмнесине карап тандаш керек? Кыздарга эч нерсе жакпайт экен.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.09.2018, 11:36

Ширин Амантурова

Психолог

Урматтуу  окурман, кыздарды жакшы-жаман деп бөлүп караганыңыз туура эмес. Алар бир үй-бүлөнүн кызы, карындашы, эркеси. Ар бир кыздын алган тарбиясы, билими, көз карашы болот.

Тигил же бул критерий менен жакшы кыздарды тапса болот десек жаңылышабыз.

Менде бир суроо пайда болду: эмнеге кыздарга эч нерсе жакпайт деген тыянакка келдиңиз?

Балким сизди курчап жүргөн адамдардын кыз-жигит мамилеси, айтып берген баяндары же өзүңүздүн башыңыздан өткөн окуядан кийин ушундай тыянакка келген чыгаарсыз. Ойлонуп көрүңүзчү, мүмкүн көйгөйдүн баары өзүңүздө. Туура эмес кадамдарды кылып жаткандырсыз. Кандай мамиле кура турганыңызды алгач тактап алыңыз. 

Кымбаттуум, эгер сиз адамды жакшы көрсөңүз жакшы-жаман деп бөлбөй, турган турпаты, оң-терс сапаттары менен кабыл алыңыз. Чыныгы сезимге кабылып, бактыңызды тапканга тилектешмин!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт