Эрозиямын, төрөсөм болобу?
2018.09.18, 12:21
1335
Үч айлык боюмда бар. Бир жарым жыл мурун төрөгөнүмдө “симфизит 5мм” болгон. Рентгенге түшсөм, бүтүптүр. Эрозиямды күйгүздүргөндөн аз өтпөй эле боюмда болуп калыптыр. Бир эже “Эки, үч жылдан кийин төрөш керек экен, толгоодо жатын ачылбай, кесераво менен төрөдүм” деди. Абдан коркуп, кыжаалат болуп жатам. Өзүм төрөй аламбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.09.2018, 13:18
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Урматтуу окурман, рентгенге түшүпсүз, жыйынтыгы жакшы экен. Кыжаалат болуп, куру ойго чөмүлбөңүз. Жатын моюнчасын кольпоскопия жасатып, убагы менен көзөмөлдөн өтүп, дарыгердин айтканын аткарып турсаңыз өзүңүз төрөйсүз. Аман-эсен көз жарып алыңыз!
0
Пайдалуу жооп