// //

Боюмда болбой жатат, анткени...

2018.09.18, 11:07
4004

Турмушка чыкканыма 10 ай болду. Боюмда болбой жатат. Жолдошум “эмнеге боюңда болбойт, сактанып дары ичип жатасыңбы” дейт. Август айындагы этек кирим токтобой койгонунан гормондук дары ичкем. Ошондон кийин жолдошум менен кошулган сайын кичинеден кан чыгып кетип жатат. Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.09.2018, 11:29

Гүлзина Мадраимова

Акушер-гинеколог

Урматтуу окурман, бир жылдан бери боюңузга бүтпөй жатса, жолдошуңуз менен бирге текшерилүүдөн өтүү керек.

Жолдошуңуздун “төрөбөйсүң, сактанып жүрөсүңбү” дегени туура эмес. Дарыгердин көзөмөлүнөн өткөндөн кийин гана себебин биле аласыздар. Этек кириңиздин токтобой, бузулуп көпкө келгени жатындын сезгенгендигинен же катуу стресс болуп, гормондук бузулуу болгон. Кааласаңыз мага кайрылыңыз, жардам берүүгө даярмын.  

 

 

1
Пайдалуу жооп
Н
Нураида Сыдыкбекова
11.10.2018, 13:16

Гүлзина эже менен кантип байланышсам болот?

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
02.04.2021, 22:35

Боюмда болбой жатат.балам 4 ко чыгат жакында. Кантип болтурса болот?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт