// //

Агайымды сүйүп калдым

2018.09.17, 11:37
1979

Биздин мектепке алгебра сабагынан берген мугалим агай келди. Буга чейин эсеп чыгарууга аракетим жок эле, агай келгенде бул сабакка болгон кызыгуум өөрчүдү. Ар бир сабагын күлүп-жайнап, кызыктуу кылып өткөрөт, мага да көңүл буруп, чыгарган эсебим, аткарган тапшырмамда кичине катасы болсо да “5” деген баасын коюп, окууга болгон кызыгуумду ойготту. Окууга гана эмес өзүнө болгон суктануумду, сүйүүмдү ойготту десем да ашыктык кылбайт. Бирок бул нерсе көпкө узаган жок, агай башка мектепке которулуп кетти. Азыркы учурда 10-класстын окуучусумун ар бир күнүм армандуу, өлгүм келет. Агайга бир нерсе болсо токтоосуз өлүп берүүгө даярмын. Сиздерден кеңеш күтөм.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.09.2018, 11:48

Алина Сейдалиева

Психолог

Урматтуу окурман, ичиңизде болуп жаткан сезимди, ойду ачыкка чыгарып кеңеш сурап жатканыңыз бул жакшы касиет.

Негизинен сүйүү темасына жалпылап кеңеш берүүгө болбойт. Анткени ар бир адам ар кандай өлчөмдө, деңгээлде бул сезимге кабылат. Менимче болуп жаткан кырдаалда кандайдыр бир өсүү, келечек жок экенин өзүңүз аңдап, түшүнүп жаткандайсыз.

Мындай абалга убакыт гана жардам бере алат. Сезимге азгырылбай окууга, досторуңузга же болбосо спортко алаксыңыз. Өлүп алгым келет дегениңизге, башка дагы себептер болушу мүкүм эмеспи? Муну да кылдаттык менен ойлонуп көрүңүз.

111 балдар ишеним номери менен акысыз байланышып, психологдон кеңеш алсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт