Жаш туруп укпай болуп каламбы?
Быйыл окууга тапшырдым. Оң кулагым 20%, сол кулагым 60% укпайт. Дарыгер "аппарат тагын, мындай пайыз менен айыкпайт" дейт. Бирок аппарат тагынганга көңүлүм жок, кулагым айыгат деген үмүттөмүн. Айыгышы мүмкүнбү?
Таттыгүл Агыбаева
Лор
Урматтуу суроо берүүчү, сиздин кулагыңызды текшерип көрмөйүн бир нерсе деп айтуу кыйын болуп турат.
Кулактын угуу аудиограммасын, кандай аралыкта угасыз же укпайсыз жана башка текшерүүлөрдү жүргүзүп, диагноз коюш керек.
Кулактын ичинен ириң агып, тарсылдак тешик болсо, аны дайыма дарылап турса анча-мынча жылыш болот. Ал эми кулактын угуу нерви жабыркаса оордуна келбейт.
Аппаратты кийгим келбейт деп жатасыз, бул туура эмес. Аны дагы убагында кийбесе, кийин кеч болуп калат. Дарыгерге кайрылыңыз!