Боюмдан кантип түшүрөм?
2018.09.17, 09:22
3832
Боюмда болуп калды. Жашмын, каным аз, төрөй албаймго деп корком. Кантип түшүрсөм болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.09.2018, 09:39
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Кымбаттуум, жашмын, каным аз деп коркуп олтура бергенден пайда чыкпайт. Кош бойлуулуктун мөөнөтү чоңоюп кеткенчекти жолдошуңуз же апаңыз менен бирге гинекологго барып анализ тапшырып, текшерүүдөн өтүңүз.
Бойдон алдыруу төрөттөн да татаал, коркунучтуу болушу мүмкүн. Ошондуктан баланы туура пландоо кажет.
Дарыгерлерден түзүлгөн комиссия ден-соолугуңузга карап баланы алып салуу же калтыруу чечимин чыгарат. Өз алдынча ар кандай кадамга барбаңыз!
0
Пайдалуу жооп