Сүйгөнүм менден баш тартты
20 жаштамын. Бул окуя мындай башталган. Ал кыз мага өзү жазды. Тааныша келсек мен окуган мектепте 11-класста окуйт экен. Сыр бербей жүрүп эле бир күнү “мен сизди жакшы көрөм” деди. Айтымында 3-4 жылдан бери мени жактырып жүрүптүр.
Кыз-жигит болуп сүйлөшө баштадык. 3 ай болгондо ватсаптан мени кара тизмеге киргизип салды. Себебин сурасам “Атам билип калып “окууну танда же турмушка чык” деп шарт койду, мен окууну тандадым” деп менден баш тартты. Бул кыска убакыттын ичинде ал кызды аябай катуу сүйүп калыпмын. Кыйналып жүрөм. Эмне кылсам болот?
Ширин Амантурова
Психолог
Урматтуу окурман, баардык адамда жактыруу сезими болот жана болуп турат. Ал кыз экөөңүздөрдүн ортоңуздарда сүйүү эмес, жактыруу сезими болгон десек болот. Белгилеп айтсам мамиле куруп жүргөнүңүздөргө дагы аз гана убакыт болуптур.
Жактырган адамың менен мамилени үзүү эмоционалдык шокко алып келет. Азыркы убакта экөөңүздөр тең бул абалдан чыга албай жүрөсүздөр. Себеби эки адам тең өз каалоосу менен мамилени токтоткон жок.
Убакыттын өтүшү менен баардыгы калыбына келет. Өзүңүздү алаксытып окуңуз, иштеңиз, спорт менен алек болуңуз. Ийгилик!
Кошумча кеңештер: https://bilesinbi.kg/article/92/