// //

Гаджеттин балага тийгизген зыяны жана пайдасы

2018.06.11, 15:59
4996

Бүгүнкү күндө электрондук жабдуулар мурун толугу менен ата-эненин карамагында болгон баланын мейкиндигин ээлеп алган. Балдар гаджеттерге көз каранды болуп, башка иштерге убакыты жок.   Буга карабай, көптөгөн ата-энелер балдарынын ою менен макул болуп, үйүнө барган сайын электрондук аппараттарды алып келип берет. Биз жаңы гаджеттерди сатып берип балдарды эркелеткенибиз туурабы? Электрондук оюнчуктарга жараша коркунучту кантип минималдаштыруу керек? Бул тууралуу балдарды эрте курактан өнүктүрүү боюнча эксперт Айгүл Камалова төмөнкүлөрдү айтып берди.

Алгач баланын гаджеттерге баш ийип калганын аныктап алалы. Ал үчүн ар бир ата-энеге төмөнкү көрүнүштөр жардам берет:

  • Балаңыз күнүнө гаджетти 30 мүнөттөн ашыкча пайдалангысы келет;
  • Гаджет колдонууга бөлүнүп берилген убакыты бүткөндө маанайы чөгөт;
  • Гаджеттти алууга уруксат берилсе, маанайы көтөрүлүп, жыргап калат;
  • Гаджетти пайдаланууга уруксат алуу үчүн бала ыйлайт, кыйыктанат, суранат, мындайча айтканда соодалашат;
  • Гаджетти колдонуп бүткөндөн кийин башка ишмердүүлүк менен алектениши кыйын болот;
  • Гаджетти колдонуп бүткөн соң ачуулуу, агрессивдүү болуп калат.

Гаджеттердин балага тийгизген зыяны:

  • Психологиялык жактан жабыркайт; Гаджеттердеги дүйнө өтө кооз, ар кандай ачык түстө болот. Ал эми бала курчап турган дүйнөдөн гаджеттер сунуштаган түстөрдү, идеалдуу эстетиканы, «кооздуктарды» таппай кыжалат болот.
  • Баш жана көз оорусу пайда болот; Бала оюн ойноо учурунда ары бери карай бергендиктен, көздүн булчуңдары жабыркайт. Чеги жок гаджеттерге убакыт бөлүү баш ооруга алып келет.
  • Уктоо режими бузулат; Таңдын атканына чейин гаджеттерден башын албаган балада уктоо режими бузулат.
  • Маалыматты кабыл алуусу төмөндөйт; Балада курчап турган дүйнөдөгү болуп жаткан окуяларды, өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү качат. Гаджет оюндары баладагы өзүнүн тулку боюн башкаруу сезимин мокотуп, болуп жаткан көрүнүштөрдө өзүн адекватуу алып жүрүүсүн жоготот. Маалыматты кабыл алууну төмөндөтөт.
  • Дем алуу ритми бузулат; Компьютердик оюндарды көп ойногон баланын дем алуу ритми бузулат. Оюнга кызыгып кеткен учурда балдар дем алганды унутуп, мээге кислород жетпей калат.
  • Оюнга баш оту менен кирип кетет; Убакыттын өткөнүн этибар албай, компьютерден башын албаган баланын оозу ачылып, тили бери көздөй чыгып калышы мүмкүн.

Мектепке чейинки курактагы балдарга гаджет колдонууга таптакыр тыюу салуу дагы болбойт, себеби бул азыркы замандын талабы. Бирок гаджетти туура колдонуу керектигин үйрөтүп коюңуз.

Ата-энелерге кеңеш:

  • Туура убакыт бөлүп берүү; Балага гаджеттерди колдонуу убактысын чектеп коюңуз. Мисалы, бир күндө бир жарым саат.
  • Бала менен бирге болуу; Балага көбүрөөк убакыт бөлүү ар бир эне-атанын колунан келчү иш. Жумуштун көптүгүн шылтоо кылбай, бир күндө бир, эки саат убакыт бөлүңүз.
  • Конокко, эс алууга бараарда гаджеттерди үйгө калтыруу; Ыйлабай же тажатпай олтурсун деп колуна телефонду же планшетти карматып коюу туура эмес. Бала дагы сиздерге окшоп эс алып, жаңы көрүнүштөргө күбө болсун.
  • Балага башка кызыгуу таап берүү; Кошумча ийримдерге бериңиз. Спортко, сүрөт тартууга кызыктырыңыз.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт