// //

Турмушка эрте чыккам, кайын энем...

2018.09.13, 09:50
1535

21 жаштамын. Мектепти бүтүп эле турмушка чыккам. Эки жыл жашап балалуу болгон жокпуз. Кайын энем турмушубузга каршы болуп жүрүп, акыры ажыраштырып тынды. Ажырашканыма бир жылдын жүзү болду. Бирок дагы эле күйөөмдү унуталбай кыйналып келем. Көңүлүмө эч ким, эч нерсе жакпайт. Мүнөзүм абдан өзгөрдү. Караңгы жерде өзүм жалгыз олтургум келет. Үйдөгүлөр менен дагы көп урушам. Баарынан тажадым. Кээде өлгүм келет. Өзүмдү-өзүм түшүнбөйм. Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.09.2018, 10:27

Ширин Амантурова

Психолог

Урматтуу  окурман, үй-бүлө курган оңой, бирок аны сактап калуу көпчүлүгүнүн эле колунан келе бербейт.  

Жашооңуздун оор эмоционалдык жана психологиялык стрессин кечирип жаткан учуруңуз. Ажырашканыңызга өзүңүздү күнөөлөп жашап жаткандайсыз. Бул туура эмес. Билесизби, кандай гана мамиле болбосун аны эки адам тең колдоп турбаса соолуган гүл сыяктуу абалга түшөт.

Ажырашуу өзүңүзгө болгон бааны түшүрүп, депрессияга алып келген. Жакын адамдарыңыздын жылуу сөзү, мамилеси, колдоосу сизге чоң жардам болот. Унутуу үчүн убакыт керек. Ишке орношуңуз, келбетиңизге, ден-соолугуңузга кам көрүңүз, өзүңүздү сүйгөндү үйрөнүп, жактырган ишиңиз менен алек болуңуз.

Жашоонун жаңы барактарын ачканга, өзгөчө күндөрдү өткөргөнгө күчүңүз жетет деп ишенем. Ийгилик каалайм!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт