Турмушка эрте чыккам, кайын энем...
21 жаштамын. Мектепти бүтүп эле турмушка чыккам. Эки жыл жашап балалуу болгон жокпуз. Кайын энем турмушубузга каршы болуп жүрүп, акыры ажыраштырып тынды. Ажырашканыма бир жылдын жүзү болду. Бирок дагы эле күйөөмдү унуталбай кыйналып келем. Көңүлүмө эч ким, эч нерсе жакпайт. Мүнөзүм абдан өзгөрдү. Караңгы жерде өзүм жалгыз олтургум келет. Үйдөгүлөр менен дагы көп урушам. Баарынан тажадым. Кээде өлгүм келет. Өзүмдү-өзүм түшүнбөйм. Эмне кылсам болот?
Ширин Амантурова
Психолог
Урматтуу окурман, үй-бүлө курган оңой, бирок аны сактап калуу көпчүлүгүнүн эле колунан келе бербейт.
Жашооңуздун оор эмоционалдык жана психологиялык стрессин кечирип жаткан учуруңуз. Ажырашканыңызга өзүңүздү күнөөлөп жашап жаткандайсыз. Бул туура эмес. Билесизби, кандай гана мамиле болбосун аны эки адам тең колдоп турбаса соолуган гүл сыяктуу абалга түшөт.
Ажырашуу өзүңүзгө болгон бааны түшүрүп, депрессияга алып келген. Жакын адамдарыңыздын жылуу сөзү, мамилеси, колдоосу сизге чоң жардам болот. Унутуу үчүн убакыт керек. Ишке орношуңуз, келбетиңизге, ден-соолугуңузга кам көрүңүз, өзүңүздү сүйгөндү үйрөнүп, жактырган ишиңиз менен алек болуңуз.
Жашоонун жаңы барактарын ачканга, өзгөчө күндөрдү өткөргөнгө күчүңүз жетет деп ишенем. Ийгилик каалайм!